“Манас” аэропортун түнү 500 авиация кызматкери кайтарууга чыкты

7-октябрь күнү өлкөнүн башкы аба майданын  ички иштер органдарынын 500дөн ашык кызматкери чыккан. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан Алия Курбанова кабарлады.

Авиациянын кызматкерлери өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу тартипти сактоого чыгышкан. Эң башкы милдет – аба транспортунун жана жүргүнчүлөрдүн  коопсуздугун камсыз кылуу.

Белгилей кетсек, аэропорт штаттык режимде иштеп жатат. “Манас” жана “Ош” аэропортторундагы бардык эл аралык жана ички каттамдар ырааттама боюнча аткарылууда.

«Манас» аэропортун 500дөн ашык авиация кызматкери коргоодо.

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кармалды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген