“Манас” аэропорту пакистандыктар менен болгон рейстерден 540 миң доллар киреше тапты

“Манас” аэропорту пакистандыктар менен болгон рейстерден 540 миң доллар киреше тапкан. Бул тууралуу парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “МАМ” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанга Пакистандын, Индиянын жана башка Азия өлкөлөрүнүн 12 миң жараны келген.

«Бул адамдар биздин мигранттар сыяктуу Москвага жана Орусиянын башка шаарларына кандай жол менен барышса, ошондой эле булар дагы Бириккен Араб Эмираттарына иштөө үчүн учуп кетишет. Коронавирустук пандемияга байланыштуу чектөөлөр бар. Азыр Дубай ачык, адамдар ал жакка түз учуп жатышат. Кыргызстанга мурда келгендер бар. Алардын жалпы саны 12 миңге жакын, аларды арасында учуп кеткендер дагы бар», – деди Бакыт Шаршеев.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Бейшеналы Нурдинов Пакистандан жарандардын агылып келишине нааразы болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.