«Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 6-октябрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты жарандардын мамлекеттик органдарда жана муниципалдык органдардагы кесиптик кызматтык ишмердүүлүгүнүн көз карандысыздыгы жана туруктуулугун, ырааттуулукту камсыздоонун, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча укуктук негиздерди орнотуу, нормативтик-укуктук базаны жакшыртуу болуп саналат.

Бул Мыйзам мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн; бош кызмат ордуна дайындоонун; ротациялоонун; кызматтык иликтөө жүргүзүүнүн; мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдүн тартибин; кызматчылардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин; социалдык коргоонун кепилдиктерин; кызматты токтотуунун тартибин аныктайт.

Аталган мыйзам мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга колдонулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.