Мамлекеттик тил күнүнө 31 жыл толду

Бүгүн – 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү.1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Кыргыз эли бүгүн кыргыз тилинин 31 жылдыгын майрамдайт.

Ошол күндөн бери мамлекеттик тил күнүндө өлкөнүн бардык аймактарында, билим берүү жайларда, мамлекеттик мекемелерде тилге арналган майрамдык, маданий иш-чаралар, конференция, тегерек стол, сынактар, жарманкелер өткөрүлөт. Ошондой эле кыргыз тилин колдонууда кетирилип жаткан каталар, тил саясаты, тилге байланыштуу маселелер көтөрүлүп, талкууланат.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам.

Ар бир улуттун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, элдин элдүүлүгүн, иденттүүлүгүн аныктаган бул анын – тили. Эгер улут тилин жоготсо, бара-бара элдүүлүгүн жоготот. Андыктан кыргыз тилинде сүйлөп, эне тилдин өркүндөшүнө салым кошуу ар бир кыргыз атуулунун ыйык милдети.

“Кыргыз тили 31 жыл ичинде татаал жолду басып өттү”. Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо сөзү

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.