“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Экономика жана финансы министрлиги мамлекет үзгүлтүксүз жана чоң көлөмдө сатып алып жаткан айрым кызматтарга жана продукцияларга карата талаптарды унификациялоону сунуштоодо. Ошентип, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Алар коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда эмнелер сунушталууда?

Тооруктун катышуучуларына бирдиктүү квалификациялык талаптарды, ошондой эле тез -тез сатып алынуучу товарларга, жумуштарга жана кызматтарга техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрдү белгилөөчү мамлекеттик органдарды аныктоо сунушталууда:

  1. Билим берүү жана илим министрлиги – мектеп окуучулары үчүн тамак-аш менен камсыздоочу кызматтарын сатып алуу.
  2. Санариптик өнүктүрүү министрлиги – персоналдык компьютерлерди жана көп функционалдуу түзүлүштөрдү сатып алуу (максатына жараша).
  3. Транспорт жана коммуникация министрлиги – автоунаа жолдорун куруу (түрү жана максаты боюнча), ошондой эле жол битумдары.
  4. Экономика жана финансы министрлиги – иш кагаздарын сатып алуу.
  5. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги – дары -дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар.
  6. Энергетика жана өнөр жай министрлиги – Көмүр (бардык сорттор).
  7. Архитектура, курулуш жана турак жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги – орто мектептердин курулушу (окуучулардын орундарынын саны боюнча).

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.