Мамлекеттик санэпидемкөзөмөл кызматына 7 санитардык унаа тапшырылды

Мамлекеттик санэпидемкөзөмөл кызматына 7 санитардык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалым болду.

Анда белгилүү болгондой, техникалар Ислам өнүктүрүү банкынан алынган акчаларга сатылып алынды. Эми атайын унаалар Ноокен, Талас, Баткен, Жайыл, Каракол, Кадамжай райондук санитардык көзөмөлдөө борборунда да пайда болот.

Унаалардын бири Оштогу чумага каршы бөлүмгө берилди.

Кийинки жылы дагы 8 унаа сатып алуу пландалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.