Мамлекеттик кызматта иштөөнү каалагандардын бардыгы өлкөнүн гимнин жатка билүүгө милдеттүү

Мамлекеттик кызматта иштөөнү каалагандардын бардыгы эми өлкөнүн гимнин жатка билүүгө милдеттүү. Бул жөнүндө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган үч айлык жарыяланганда белгилүү болгонун “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинен кабарлашты.

Анын айтымында, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо үчүн тесттик форматта тестирлөөнүн жаңы программасы киргизилди.

Мекеменин жетекчилиги “Кыргызтесттин” иши учурунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, тестирлөөнүн жаңы программасын сунуштады.

Келечекте тестирлөөнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү жоопторун баалоодо талаптар күчөтүлөрү айтылган. 2021-жылдан баштап тест тапшыруучулардан суроолору тесттик тапшырмаларга киргизилген КРнын мамлекеттик гимнин жана башка мамлекеттик символдорду билүү талап кылынат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.