Мамлекеттик карыз 4 млрд. 411 млн. долларды түздү. Инфографика

Бүгүнкү күндө  Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд. 411,03 млн. АКШ долларын түзөт. Анын  ичинен тышкы карыз 3 млрд. 809,19 млн. долларды, ал эми ички карыз 601,84 млн. доллар.

Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган.  Аймактарга бөлүштүргөндө тышкы карыздын 45% Бишкек шаарына туура келет. Борбор калаанын бересесинин жалпы өлчөмү  1,7 млрд. долларды түзөт.

Кыргызстан кайсы өлкөдөн канча карыз экендиги төмөнкү инфографикада эки валюта менен көрсөтүлгөн.

Эки тараптуу жеңилдетилген насыя жалпысынан 2208,64 долларды түзөт.

Ар тараптуу жеңилдетилген насыя 1571,09 долларды түзөт.

Эки тараптуу жеңилдиги жок насыя 8,73 долларды түзөт.

Ар тараптуу жеңилдиги жок насыя 50,3 доллар эсептелген.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы боюнча  маалыматтар КРнын Каржы министрлигинин сайтынан алынды.

Фото

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген