Мамлекеттик ипотеканын шарттары өзгөрдү

Өкмөт ушул жылдан баштап мамлекеттик ипотеканы 6%дык үстөк менен бере баштайт. Буга кошо эми бул программага мамлекеттик эмес мекемелерде иштегендер да катыша алат.Ипотеканын жеткиликтүүлүгүн арттырууга Германия 11 миллион евро грант берди. Мамлекеттик ипотекалык компаниясы Баткен, Жалал-Абад, Талас, Кара-Кол шаарларына көп кабаттуу үй салат. Курушка кетчү каржы даяр. Ал эми Германия берип жаткан 11 млн еврого башка аймактарга эки кабаттуу турак-жайлар тургузулат.

Ал ортодо эл өкүлдөрү мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызын 6%дан 2-3%га чейин төмөндөтүүнү сунуштап жатат. Анткени азыркы шарт менен үй алуу көпчүлүктүн капчыгына туура келбейт. Мисалы, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын эсептөөсүнө ылайык, Бишкекте үйдүн орточо баасы 1 млн 800 миң сомдун тегерегинде. Мындай турак-жайды алуу үчүн үй-бүлөнүн кирешеси айына 35 миң сомдон кем болбошу керек. Насыячы карыздан 15 жылда айына 13 миң сомдон төлөп отуруп кутулат.

Мамлекеттик ипотекалык программанын шарттары кыйын деген менен азыр арыз таштагандардын саны 10 миңден ашат. Программага мамлекетик мекемеде иштебегендер да кошулса, бул катеогория үчүн карызды төлөө шарты өзүнчө иштелип чыгат.

Текст: Дөөлөтбек Кочкорбаев, Гүлзара Бакаева

Видео: Рустам Алымбаев

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген