Мамлекеттик ипотека төрт пайызга чейин төмөндөйт

«Менин үйүм-2021-2026» жаңы турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания пайыздык ченди 4 пайызга чейин төмөндөтөт. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, турак-жайды ижарага алуу менен андан кийин сатып алуу механизмин киргизүү пландаштырылууда.

Ошондой эле, жакынкы алты жылда мамлекеттик турак-жай фондунан 800 миң чарчы метр турак-жайдын курулушуна 30 миллиард сом бөлүү мерчемделип жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.