Маанилүү маек: Конституция деген эмне?

“Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Бул жолку чыгарылышыбызда конституция тууралуу кенен түшүндүрмө беребиз.

Конституция – өлкөнүн негизги мыйзамы. Тактап айтканда баш мыйзам. Мамлекеттин өзгөчө укуктук документи.

Ал мамлекеттин жана коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, адамдын жана жарандын укуктук абалынын негиздерин жөнгө салат.

Баш мыйзам мамлекеттин мыйзам чыгаруу жана укукту пайдалануу ишинин негизги юридикалык базасы болуп саналат. Бардык укуктук актылар, мамлекеттик органдардын ишмердиги конституцияга шайкеш болууга тийиш.

Баш мыйзамга дал келбеген актылар укук бузуу катары эсептелет.

Эгемендүү Кыргызстандын конституциясы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Арадан бир жыл өткөн соң баш мыйзам өзгөртүлгөн.

Жалпысынан конституция:

  • Аскар Акаев президент болуп турган учурда төрт жолу;

  • Курманбек Бакиев өлкөнү жетектеп турганда үч ирет;

  • Роза Отунбаева убактылуу өлкө башчы болуп турган кезде бир жолу;

  • Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир жолу;

  • Садыр Жапаров президент болуп дайындалгандан бери бир жолу өзгөртүлдү.

Ошону менен өлкөнүн  30 жылдык тарыхында баш мыйзам он жолу өзгөрүүгө дуушар болду.

Жыл сайын 5-май күнү Кыргызстанда конституция күнү белгиленип келет.

Макаланын видео версиясы



Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.