Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүмдөрү бардык мамлекеттик чек ара периметринде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү. Маалыматты чек ара кызматынын басма сөз катчылыгынан билдиришти.

“29-октябрда саат 20:00дөн баштап Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен кызыкчылык туудурган маалымат алмашуу маселелери боюнча өз ара аракетти жана мамлекеттик чек араны биргелешип кайтаруу иш-чаралары күчөтүлөт.

Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагы боюнча иш сапарына чыгып, 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын түшүндүрүүдө”, – дешти мекемеден.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген