Мамлекеттик антимонополия базарларды капыстан текшерүүгө алууну көздөөдө

Мамлекеттик монополияга каршы кызматы баалардын түзүлүшү үчүн базарларды капыстан текшерүү укугу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу маалымат жыйынында монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Түшүндүрүлгөндөй, азыр баалардын кескин көтөрүлгөн мезгилде, кызмат текшерүүнү экономика жана каржы министрлигинин уруксаты менен гана жүргүзө алат.

Мамлекеттик монополияга каршы кызматтын башчысынын айтымында, мындай чаралар ишкерлердин алып сатарлык аракеттерин тезирээк токтогууга жана бааны негизсиз жогорулатуу учурунда айып пул салуу жана тиешелүү чараларды колдонууга жардам берет.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери монополияга каршы мамлекеттик кызматы айып пулдар аркылуу мамлекеттик бюджетке 138 миллион сом которгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 миллион сомго көп.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.