Мамкаттоо кызматтары эми онлайн режиминде жеткиликтүү

“Кадастр” мекемеси, мамлекеттик башкармалыкка санарип технологияларын киргизүү боюнча иш-чаралардын алкагында, маалыматтарды берүү боюнча электрондук кызматтарды киргизүү боюнча долбоорду ишке ашырды. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, эми мамлекеттик порталдын колдонуучулары каттоодон өткөн органдын кеңсесине барбастан, кыймылсыз мүлк объектилерин реалдуу убакыт режиминде ала алышат.

Мамлекеттик порталдагы жеткиликтүү кызматтары:

– кыймылсыз мүлккө укук маселелери;

– катталган кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат;

– кыймылсыз мүлккө болгон укуктун тарыхы;

– Кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсү жөнүндө маалымат.

Мындан тышкары, жогрудагы аталган кызматтар менен юстиция министрлигинин мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлорунан пайдаланса болот.

Ошондой эле, жакынкы аралыкта мамлекеттик порталдын онлайн режиминде кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоого арыз берүү кызматын киргизүү пландаштырылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.