Мамажунусов: мамлекеттик камсыздандырууга ишеним жок. Видео

Жыл башынан бери Ош шаарында камсыздандырылган 107 үй күйгөн. Алардын ичинен 7 нө камсыздандыруу ишканасы төлөм берүүдөн баш тарткан.

Мамлекеттик камсыздандыруу ишканасынын негизги милдети катары кырсык болгон учурда камсыздандырылган үйгө чыгымдарды жабууга төлөм берүү эсептелинет.

Тилекке каршы, Ош шаарында айрым жарандар мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан төлөм ала албай жаткандыгын Суеркул Мамажунусов билдирди.

Эске салсак, 2016-жылдан тартып, өлкөдө турак жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу башталган. Ага ылайык, төлөм айыл жеринде 600, шаарда 1200 сом деп белгиленген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген