Малдар өлүп жатат. Лейлекте катуу сел жүрдү

Кечээ, 12-июлда Баткен облусунун Лейлек районунда саат 15:30 чамасында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен Исфана шаарында жана Тогуз-Булак айыл аймагында коктулардан келген суулар 3 турак үйдүн короосун каптады.

“Сел жүргөн аймактар бир топ зыянга учурады. Учурда зыяндар эсептелип жатат, 10 мал өлгөн, эгиндерге зыян тийген. Тийиштүү кызматтарга тапшырма бердик. Ош-Исфана жолундагы 1 көпүрөнү жууп кеткен. Буга чейин селди алдын алуу иштери жүргөн, ошондуктан зыян аз болду”, – деди Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов.

 

Өзгөчө кырдаалдар министринин маалыматына ылайык, жерине тактоо жана кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүүгө Ленин райондук Жарандык коргонуу  комиссиясы, КР ӨКМнин райондук бөлүмүнөн ыкчам топ,  куткаруучулар, жергиликтүү тургундар тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Эске салсак, Кыргызгидромет 12-июлга карата Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.

Коронавирус Кыргызстанда: Акыркы маалыматтар

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген