Макулдашууга карабастан Тоолуу Карабакта ок атышуу уланууда

Тоолуу Карабактын бийлиги тизмеге киргизилген 96 жоокердин баары дүйшөмбү күнү курман болбогонун белгиледи. «Согуш шартында көз жумгандар тууралуу маалыматтар кеч келип, толук болбой калууда. Муну армян аскерлери да айтып жатышат», — деп жазылган билдирүүдө.

Карабак согушунун хроникасын жарыялап жаткан «Би-Би-Синин» орус кызматы аймакта үчүнчү күн ок атышпоо келишими күчүндө болушу керектигин белгилөөдө.

Еревандын маалыматы боюнча, жаңы кагылышуулар башталган 27-сентябрдан бери Армения 525 жаранын жоготту.

Азербайжан жекшембиге караган түнү Ганжа шаарына «Эльбурс» тактикалык ракетасы менен сокку жасалганын, анын кесепетинен он киши курман болгонун билдирди.

Ошол эле маалда Баку аскерлеринин катарындагы жаңы жоготуулар жөнүндө маалымат бербей, журналисттерге мерт болгон жай тургундардын санын гана кабарлап келет. Дүйшөмбү күнү алардын саны 42 кишиге көбөйдү.

«Би-Би-Синин» кабарчысы Тоолуу Карабактын борбору Степанакерт буга чейинки күндөрү аткылоолорго кабылып келсе, 12-октябрда шаарга чабуул болбогонун билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген