Максат Дамир уулу Туризм департаментинин директору болуп дайындалды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Дамир уулу Максат Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору – министрдин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөтттүн маалымат кызматы билдирди.

33 жаштагы жетекчи, АКШда, Жапонияда билип алып, бир канча эл аралык жана жергиликтүү компанияларда иштеген.

Департаменттин мурдагы директору Азамат Жаманкулов өткөн айда Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген