Максат болсо, жол да ачылат. Оштук Жылдыз Кореяны кантип багындырды?

“Кыялдануу бекер. Жакшы жашоо үчүн кыялдануу керек, кыялдар каалоого жетелейт. А каалоо аракетке түртөт, аракет кылган сайын адам максатына жакындай берет”,- деген Жылдыз Маматалиева Кореяда 4 жылдан бери жашап, окуп келет. Мекендешибиз бул ураанды кооз, шыктандырчу сөздөрдөн жөн эле курап койгон эмес. Жылдыз – максатка жетүүгө турмуштун кыйынчылыктары, акчанын жоктугу таасир эте албай турганын далилдеген күчтүү кыз. 

“Кыялдар орундалат» деген сөзгө ишенип, кичинемде көп кыялдарга батчумун. Үйүбүздө кичинекей радио бар эле, күнүгө кечинде баарыбыз олтуруп алып, ВВСнин жаңылыктарын укчубуз. Журналист болсом деген каалоом ошол кездерде ойгонгон. Кийинчерээк гезит-журналдарга кызыгып, гезитке жаңылык чыгарсам деген каалоом пайда болду. Андан кийин котормочу болом дедим, стюардесса болом деп жүрдүм. Кыскасы, мен кыялым менен бардык кесиптерге ээ болдум. Тезирээк эле чоңоюп, окусам, иштесем дегенде эки көзүм төрт эле.

Мен күткөн күн келип, мектепти да бүттүм. Ошондо гана кыялдардын оңой менен орундалбасын билдим. Алдыда чоң тандоо турганын сезип, өтө көп ойлондум. Акыры Туризм жана менеджмент факультетине тапшырууну чечтим. Анткени Кыргызстандын сулуулугуна суктанчумун, туристтерди ээрчитип, алып кооз жерлерибизди көрсөтүп, баарын айтып бергим келчү.

 

Келечегиме ачылган эшиктер…

Студент болуп, окуудан тышкары Ош шаарындагы окуу борборлордун биринде корей тилин үйрөнө баштадым. Тил үйрөнүп, Кореяда иштеп, акча тапкым келди. Бирок ал учурда менин жашым 18ге жете элек болгондуктан, жумуш боюнча кеткенге мүмкүнчүлүк болгон жок.

Башка окуу борборуна которулуп, корей улутундагы мугалимдерден сабак ала баштадым. Биринчи келгенде корейче сүйлөп кетүү мүмкүн эместей сезилген. Кийинчерээк үйрөнсө болооруна көзүм жетип, болгон күч- аракетимди жумшап, окууга сүңгүп кирип кеттим. Ошондо жолдор өзү эле ачыла баштады. Мугалимдерим аркылуу Оштогу корей улутундагы адамдар менен таанышып, тилди практика кыла баштадым.

Менин аракетимди, каалоомду көргөн мугалимдер кеп-кеңештерин беришип, жардамдарын аяшкан жок. Китептен баш көтөрбөй окуп жүрүп, Корея мамлекетинен берилген гранттан 5 жылдык стипендияны утуп алдым. Ошентип, 2014-жылдын 22-февралында Кореяга келдим.  Учурда Сеул шаарындагы Кёнхи университетинин туризм тармагында 3-курста окуйм.

Кыйынчылыктар…

Алгач бул жакка келгенде тамак-ашына, окуудагы бизге таптакыр окшошпогон тартиптерине көнө албай кыйналдым. Бирок менин окусам деген каалоом кыйынчылыктарга багынып берген жок. Азыр университеттин стипендиясын алып, ошол акча менен жашайм. Каалаганымы алып жеп, кийе албасам да, күнүмдүк жашоомо жетет. Бир-эки күндүк иштер болсо иштеп, каражат таба коём. КМШ өлкөлөрүнөн келген профессорлорго котормочу болуп, дүкөндөрдө, ресторандарда иштеп, тапкан акчама Япония, Тайланд сыяктуу жакынкы өлкөлөргө барып келдим.

Негизи мен өзүмдү патриотмун дээр элем. Анткени бир нерсе кылаарда сөзсүз Кыргызстандын аты чыгабы деп ойлонуп турам. Кореянын жергиликтүү интернет-радиосунда алып баруучу болуп иштеп, Кыргызстан жөнүндө таптакыр укпаган корейлерге кыргыз элим жөнүндө, жеримдин сулуулугу жөнүндө айтып турам.

Андан тышкары, келечекте Кыргызстаныма кандайдыр бир кереги тийип калаар деген үмүт менен ар кандай ийримдерге катышып, көп нерселерди үйрөнүп жатам. Аракет кылса эле баары болот экен. Аракетим менен көптөгөн  жерлерге барганга, дүйнө жылдыздары менен жолугушканга мүмкүнчүлүктөр болду. Кичине кезимдеги кыялдарым орундалып жатат десем болот.

Оратордук искусство сынагынан 1-орунду алып, бир канча радио-телевидениелерде конокто болдум. Кайсы жерден келдин, Кыргызстан деген кайсы жакта, эли кандай жашайт деген суроолорго ырахаттанып да, сыймыктанып да жооп берип жаттым. Ошол учурларда мекенимди сагынып, ыйлап алган учурларым да болду.

                                                                        Жылдыз жергиликтүү радионун алып баруучусу. Эфир учурунда ал Кыргызстан тууралуу маалымат таратууга аракет кылат.

Корей элинен көп нерселерди үйрөндүм

Адам бардык нерседен сабак алганга болот деп ойлойм. Мен дагы Корея эли менен аралашып жүрүп туруктуулукка, жоопкерчиликке, тырышчаактыкка, тазалыкка, тактыкка жана жалгыз жашоого үйрөндүм. Мен жашаган жерде кыргыз эле эмес, орустар да жок. Ошондуктан дайыма өз алдымча ойлонуп, эч кимге ишенбей, өзүм  чечим чыгарганды үйрөндүм. Анан албетте, алыста жүргөн жакындарымдын кадырын билдим.

                                                                                                         “Кыш сонатасы” тасмасы тартылган жер

Акча эмес, каалоо

Кыргызстанда кыялдарым менен гана алышып жүргөн, секелек кыз кезимде: “Менин акчам жок, бай үй-бүлөнүн кызы эмесмин, анан кайдан башка өлкөгө бара алмак элем”- деп ойлочу элем. Жок, андай эмес экен. Корей элинин ”максат болсо, жол да ачылат” деген макалы бар. Мен ушуга ынандым, бир гана каалоо, анан аракет адамды ийгиликтерге жеткирип, кыялдарын орундатат. А акча маанилүү эмес, ал биздин жашообузду башкара албайт.

Кореяда эле эмес, бүткүл дүйнөгө окууга стипендиялар, жумушка ваканциялар бар. Эч акчасы жок адамда деле күчтүү каалоо болсо, мүмкүнчүлүктөр толтура. Чыдап, даярданып, аракеттенүү гана керек. Мисалы, буудайды деле жазда сээп, күздө түшүмүн алат да. Ошол сыяктуу эле биринчи күч жумшап окуп, анан чет өлкөгө чыкканга болот.

Окууну бүтөөрүм менен Кыргызстанга кетем деп айта албайм, алдыда дагы көптөгөн максаттарым бар. Аларды ишке ашыргандан кийин, албетте, Кыргызстаныма барам, өнүгүп-өсүшүнө салымымды кошом.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген