Максат айылында кыргыз- тажик жарандары биригип ооз ачышты

Лейлек районунун Максат айылында аталган айылдын жана Тажикстандын Согди облусунун тургундары үчүн ооз ачар уюштурулду. Иш чарага коңшу өлкөдөн 100гө чукул адам келди.

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылынын тургундары менен Тажикстандын Согди облусунун Бобожон Гафуров районунун Офчу-Калача айылынын тургундарынын катышуусунда Максат айылында ооз ачуу иш чарасы уюштурулду.

Коңшу кыргыз- тажик айылдарынын тургундары ыйык орозо айында эки элди чакырып, ооз ачырган Баткен облусунун жетекчилигине ыраазычылык билдиришти. Коноктор мындай иш чара чек арадагы кыргыз тажик айылдарынын элинин ынтымагын бекемдейт деп белгилеп, эки элге ынтымак, тынчтык жана өнүгүү тилеп бата кылышты.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода  телефон аркылуу сүйлөшүп, чек аралаш аймактагы коомдук саясий абал жана чек ара маселелери боюнча сүйлөшүшкөн. Сүйлөшүү учурунда Абиш Халмурзаев Максат айылында эки тараптан аксакалдардын жана жаштардын катышуусунда “Рамазан” айынын урматына “Ифтарлик” уюштурулгандыгын маалымдап, тажик тараптан коноктор чакырылган.

Учурда ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен Максат айылына облустун аймагынан ар тараптуу гуманитардык жардамдар да жеткирилүүдө.

Ошондой эле аталган айылдын 50 тургунуна Ыссык-Көл облусунун “Тел-Тору” эс алуу жайына акысыз эс алуу уюштурулууда. Мындан тышкары балдардын эс алуу лагерлерине Максат айылындагы мектеп окуучуларын алып баруу пландалып жатат.

Аталган айылдын быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө болсо облустун аймагындагы жогорку жана атайын орто окуу жайларына кирүүдө жеңилдиктерди берүү чечими кабыл алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген