Майыптыкка багынбаган чебер

Чебер Анаргүл Абдымомунова үчүнчү топтогу майып, анын кулагынын угуусу төмөн. Ага карабай, өзү токуган жана тиккен кийимдерди базарга сатып, өзүнө эле эмес, коомчулукка да пайда алып келет.

Кочкор-Аталык Анаргүл Абдымомунова бирөөлөрдөн жардам сураганды, башакаларга оорчулугун тийгизгенди жаман көрөт. Мындан улам убактысынын көп бөлүгүн кийим токуу жана тигүү менен өткөрөт.

“Чоңдорго да, кичинекейлерге да кийим тигем. Ар бир мезгилге ылайыктуу кийимдерди тигип, токуп турам. Мисалы, азыр кыргыз оймо- чиймелери түшүрүлгөн чыптамаларды көп тигип жатам. Кышка жакын калың кийимдерди токуй баштайм”,- деди Анаргүл Абдымомунова.

Каарманыбыз ден- соолугуна байланыштуу үй- бүлө күткөн эмес. Учурда апасы менен жашап, бош убактысы дээрлик жок. Анткени ар дайым иш үстүндө болуп, баш кийимдин эле бир нече түрүн тигет.

“Кызым кийимди жакшы тигет. Баш кийимден баштап, чоңдорго, жаш балдарга да кандай кийим болсо тигип кете берет. Бош олтурбай мен да жардам берип турам”,- дейт апасы.

Жаш кезинен оорунун азабын көп тарткан Анаргүл Абдымомунова кыйынчылык менен күрөшүп, турмуштун агымына каршы сүзгөндү үйрөнгөн. Өз колунан жаралган кийимдерди базарга алып чыгып сатып, тааныш- билиш арттырууга да жетишкен.

“Тиккен кийимдерин сатат. Анын аракетин, чеберчилигин көрүп буюртма менен тиктиргендер да бар”,- дейт Кочкор- Ата шаарынын тургуну Адина Дүйшөбаева.

Учурда мындай дарт менен алышып күн кечирген жарандар жүздөп саналат. Бирок алардын баары эле жашоо үчүн күрөшүп жатат деп айтуу кыйын. Ал эми каарманыбыз өзүнүн бул аракеттерин эрдик катары сыпаттабайт. Болгону, өзүндөй мүмкүнчүлүгү чектелгендерди бир орунда токтоп калбай, алга жылууга үндөп, эл катары иштеп, жашаса болоорун жеткиргиси келет.

Сюжет: Кабылбек Көчкөнбай уулу, Шайыр Зайырбек уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген