Майыптыр үчүн “Бирдиктүү база” түзүлөт

Өлкөдө “майыптардын бирдиктүү базасы” кайрадан ишке кирет. Ал өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан демилгеленип, азыр социалдык өнүктүрүү министрлигинин кароосунда турат. Эгер ишке аша турган болсо, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомго аралаштыруу аракети активдешет. Ал үчүн өлкөдөгү бардык майып жарандар такталып, каттоого алынат.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир экинчи бала үйдө отурат. Элден обочолонуп жашынганына биринчи кезекте коомдогу басмырлоо түрткү. Майыптардын интеграциясын жеңүүгө мамлекет тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлбөй келет. Эң эле орчундуусу инклюзивдүү билим берүү жагы толук кандуу жолго коюлбай, баланын кат сабаты жоюлбайт.

Коомдон обочолонуу мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын ар бирине тиешелүү. Аларды элге аралаштыруу жагы “майыптардын бирдиктүү базасы” ишке кирсе акырындык менен чечиле баштайт.

“Бирдиктүү база” Кыргызстанда үч жыл мурда долбоор катары сыналган. Бир жыл иштесе да аз убакыттын ичинде жакшы натыйжа көрсөтө алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген