Майрам күндөрү Ош шаардык милиция кызматкерлери мечиттердин жанында нөөмөттө турушат

Эртең 29-июлдан баштап, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери майрамдык намаз окула турган бардык 43 мечиттин жанында нөөмөттө турушат. Бул тууралуу ОшИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул күндөрү башкармалыктын бардык кызматкерлери атайын бөлүнгөн жерлерде: мечиттерде, коомдук жайларда, сейил бактарда жана скверлерде ишин улантышат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жарандардын коопсуздугу сакталаарын билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.