Майлуусуулуктар: лампа заводу ишин токтотсо, шаардын жашоосу токтойт. Видео

Кезинде күрүлдөп иштеп, 7 миңдей адамды жумуш менен камсыз кылган Майлуу-Суудагы лампа заводу учурда жабылып калуу коркунучуна кептелди. Айнек чыгаруучу жана жаңы үлгүдөгү лампаларды даярдоочу цехтер бир топ убакыттан бери кыймылсыз турат. Эң өкүнүчтүүсү, заводдо иш мөөнөтү январдан тарта 4 күндүк болуп кыскарып, ишчилердин айлык маяналары 20%га азайтылды.

Заводдун жетекчилиги анын мындай абалга кептелиши чыгарылган продукцияларды сатууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы менен байланыштуу экендигин айтат.

“Лампаларыбыз сатылбай турат, мисалы Өзбекстан менен Россия 100 ваттан ашык лампаны албай коюп атат. Бул маселени чечип берүүсүн суранып өкмөткө бир нече жолу кат жаздык, азырынча жооп жок. Заводдун ишинин токтоп калганы-шаардын жашоосунун токтогону. Ошондуктан, мен  жетекчилерге дагы кайрылат элем: өндүрүлгөн продукцияны сатууга жардам берсеңиздер”,- дейт заводдун жыйноо цехинин башчысы.

Бул сыяктуу кайрылуулар бийликке бир топ эле жолдонгон. Бирок эч кандай абал өзгөргөн эмес.

“Лампа завод Майлуу-Суудагы эң ири ишкана, бул жерде ар бир үйдөн жок дегенде бирден адам иштейт. Завод шаар бюджетинин 70-80%ын түзөт. Былтыр өкмөт башчысынын алдына барып, көйгөйдү толук айтканбыз. Ошондон кийин Мухаммедкалый Абылгазиев өзү келип, заводду сактап калуу үчүн чечим чыгарабыз деп кеткен. Учурда тиешелүү кызматтар банкроттон чыгуу жолдорун карап жатат”,- деди Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Аманбаев.

Өткөн жылы заводдон 100 млн даана электр лампасы чыгарылган. Бул сандар 2018-жылга салыштырмалуу дээрлик 22 млнго аз. Бирок чыгарылган аз көлөмдөгү лампаларды сатуу дагы жылдан-жылга кыйынчылык жаратып жатат, анткени көпчүлүк өлкөлөр энергияны аз сарптаган лампочкаларды сатып алышууда. Учурда заводдо 300 миң даана лампочка сатылбай турат.

Кезегинде 7 миңдей жумушчусу бар заводдо учурда болгону 1 700 гана жумушчу калды. Заводдун азыркы жагдайынан улам ишчилердин саны дагы кыскаруу алдында турат.

Белгилей кетсек, аталган завод 1967-жылдан иштеп баштап, анда 7 миңден ашуун адам эмгектенип  турган. Өндүрүлгөн электр ламапалары ушул мезгилге чейин Орусия, Казакстан жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөргө экспорттолуп келет. Заводдун 240 млндой эски карызы бар, банкротко учурагандан кийин көз карандысыз баалоочулар аны миллиард сомго баалашкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген