Майлуу- Сууда асынып алган окуучунун денеси табылды

Майлуу-Суу шаарындагы №5 орто мектептин 8-классынын окуучусу Сүймөнкул Данияр уулу өз өмүрүнө кол салып каза болду. Анын асынып алганын “Кылым шамы” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. 

Укук коргоочунун айтымында, окуучунун сөөгү 6-декабрь күнү эртең менен ошол эле шаарда жашаган чоң атасынын үйүнүн жанындагы газ түтүгүнө асылган жеринен табылган. Окуяга мектептеги чоңсунуу себеп болгон деген божомолдор бар:

– Каза болгон баланы кичинесинен бери эле билем. Аябай жоош, сабакты жакшы окуган бала болчу. Менимче, анда акча проблема пайда болгон. Майлуу-Суудагы №5 мектептин жанында Электр-лампа заводунун кесиптик-техникалык окуу жайы жайгашкан. Ошол жердин балдары мектептин 10-11-класстарынын окуучуларына чоңсунуп, салык салса, алар кайра өздөрүнөн кичүүлөрдү, 8-9-класстын балдарын коркутушчу экен.

Маркумдун денеси бүгүн жерге берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген