Майда манты кантип жасалат?

Майда манты же чычкан манты – Ошто кеңири жайылган, коноктор келсе сүйүп жеген тамак. Борбордук базар тарапта жылуу оролгон чара кармаган аялдар ары-бери өткөндөргө бул даамды сунушташат. Бир даанасы 1 сом турган мантыны ооз тийип көрүү акысыз. Сатуучулар көнүп бүткөн ыкчам колдору менен майда мантыны бат эле каалаганыңызча салып берет.

Кызыл мурч аралашкан пиязды сепкенде, табитиңди ого бетер ачат. Баса, чычкан мантыны килограммдап да сатышат. 1 кг – 150 сом. Сатуучулар килограммдан же дааналап алгандын ортосунда айырма деле жок экенин айтышат.

Майда манты кантип даярдалат? Жука жайылган камырга оролгон картошка. Бул тамак оңой көрүнгөнү менен ар бир эле кожойке аны даамына чыгара жасай албайт. Оштогу эң даамдуу чычкан мантыны жасаган ашпозчулар бизге сыры менен бөлүштү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген