Май жана кумшекердин чекене бааларынын максималдуу үстөк акылары белгиленди

Мамлекеттик монополияга каршы агенттик күн карама майын жана кум шекерди дүңүнөн сатуу баасына чекене үстөк акыларды койду, деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Ошентип, Мамлекеттик агенттиктин 2021-жылдын 25-майындагы буйругу менен күн карама өсүмдүк майына жана кум шекерге дүң сатуу бааларына чекене үстөк кошумчалары белгиленди.

Күн карама өсүмдүк майына болгон чекене сатуунун жогорку чеги:

  • Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарында- 10 пайыздан көп эмес.
  • Ош шаары жана Ош облусунда, Жалал-Абад, Баткен облустарында- 13 пайыздан ашпайт.

Кумшекерге болгон чекене сатуунун чеги :

  • Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын 10 пайыздан ашпайт.
  • Ош шаары боюнча жана облус аймактарында, Жалал-Абад жана Баткен облустарында – 13 пайыздан көп ашпайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.