Май айында өлкөдө күйүүчү майдын баасы 4 пайызга жогорулашы мүмкүн

2021-жылдын 2-майына карата Брент маркасындагы чийки мунайдын баррели болжол менен 66,82 долларды түзгөн.

Орусиянын мунай заттарынын рыногунда болгон маалыматка ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдардын дүң сатуу баасынын өсүшү байкалууда.

Жогорудагы жагдайларды эске алганда, май айында Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу май базарында баалар 4 пайызга жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Ассоциация белгилегендей, мунай сатуучу компаниялар баалардын өсүшүн текшилөө жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөө саясатын улантууга ниеттенүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.