Май айында кой эти менен пахта майы кымбаттады

Улуттук статистика комитенинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын май айына карата кой этинин жана пахта майынын баасы бир кыйлага кымбаттады.

Анда өлкө боюнча:

Кой этинин бир килограммынын орточо баасы 465,47 сом болгон жана апрель айына салыштырмалуу 18,14 сомго же 4,1 пайызга өстү.

Пахта майынын баасы- 1 литри 167,09 сомду түзүп, апрель айына салыштырмалуу 3,6 пайызга кымбаттады.

Кой этинин максималдуу чекене баасы:

  • Исфана жана Жалал-Абад шаарында -1кг- 500 сом
  • Баткенде – 489 сом.
  • Эң арзаны Покровка айылында -1 кг-  420 сом
  • Каракол – 428 сом
  • Балыкчы – 440 сомго сатылууда.

Пахта майынын орточо чекене баасы көпчүлүк шаарларда жогорулады:

  • Токмокто – 1 кг-192 сом
  • Исфана жана Ноокатта – 176 сом болуп, кымбатыраак сатылып жатат.
  • Арзаныраак баа Кербен  шаарында 1 кг-130 сом
  • Талас – 141 сом
  • Покровка айылында – 154 сом.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.