Май айында биометрикалык паспортторду берүү үчүн документтерди кабыл алуу башталат

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жаңы жарандык (чет өлкөлүк) паспортторду май айында бере баштайт.

Белгилей кетсек, буга чейин Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев жарандарга паспортторду берүү май айында башталышы керек, бул иш-чаранын бир бөлүгү, белгиленген мөөнөткө жетпей калуу коркунучу бар деп айткан. Ал долбоорду сентябрь айында гана ишке киргизсе болот деп болжолдогон.

Буга карабастан мамкаттоо кызматы жаңы муундун биометрикалык паспорттору айтылган убакытта бериле баштайт деп тастыктады.

“Кыргызстандын жаңы паспортторун берүү мөөнөттөрү 2021-жылдын 1-майына которулган. Кыргызстандагы чет элдик паспорттор 2021-жылдын май айынан тарта бериле баштайт.Тооруктарды өткөрүү процедурасы өз убагында жүргүзүлөт”,-деп жазылган маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.