Маданият министрлиги Салымбековдун “Дордой” стадиону боюнча айткандарына жооп берди

Кечээ 23-июнда президент Садыр Жапаровдун бизнес коомчулугу менен болгон жолугушуусундагы Аскар Салымбековдун “Дордой” спорт комплекси жайгашкан ижара жер тилкеси боюнча Маданият министрлигинин дарегине айткан айыптоосу чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган министрлик маалымат таратты.

Буга чейин министрлик жана “Дордой” Ассоциациясынын ортосунда эки ирет 05.04.2007- ж. жана 01.08.2011-ж. жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө келишим түзүлүлгөн.

Өкмөттүн 2009-жылдын 3-августундагы №489 буйругуна ылайык “Ю.Абдрахманов, И. Мичурин жана М. Куренкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги К.Жакыпов атындагы сейил багынын жер тилкесин Дордой Ассоциациясына ден соолукту чыңдоо жана оюн-зоок сейил багынын курулушу жана долбоору үчүн берүү” жөнүндөгү токтомунун толук аткарылышын изилдөө максатында  Министрликтин  №295  буйругуна ылайык (16.09.2014) ведомство аралык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын корутундусу бир катар мыйзам бузууларды аныктап, ижара акысындагы дал келбөөчүлүктү так белгилеп берген. Анын натыйжасында ага чейинки келишим жокко чыгарылып, ижара акысы, жер тилкеси жана мөөнөтү  тийиштүү органдар тарабынан белгиленген өлчөмдүн негизинде даярдалган жаңы келишимге кол коюлган. Тактап айтканда, текшерүүгө чейин Дордой Ассоциациясы айына  110 205 сомдун ордуна болгону 20 000 сом өлчөмүндө акы төлөп келишкен. Мындан тышкары, максатсыз пайдалануу жана ашыкча жерлерди ээлеп алуу боюнча да фактылар катталган. Тилекке каршы, ал фактылар боюнча чара көрүлгөн эмес.

Президенттин бизнес коомчулугу менен болгон жолугушуусундагы Аскар Салымбековдун министрликке койгон дооматы жүйөөсүз. Анын айтымында “Улам жаңы келген министр ал “гүлдөтүп” койгон жерди тартып алуу максатында байма-бай прокуратурага кайрылган”. Өз кезегинде, министрлик жогорудагыдай мазмундагы арызды бир дагы текшерүүчү органга жолдобогондугун билдирет.

Белгилей кетчү жагдай, “Дордой” Ассоциациясына ижара акысын толук  төлөбөгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан билдирүү каттары жиберилген. Ал эми андай билдирүүнү тийиштүү орган Министрликтин макулдугусуз жөнөтө алат. Ошондой эле сунушту (Представление об устранении нарушений закона) министрлик да (исх.№11,693 .08.06.2021) алган. Бул маселе боюнча министрлик мыйзам талаасында гана иш алып баруусун улантат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.