Маданият министрлиги: китепканачылардын айлык маянасы көтөрүлөт

Китепкана кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Министрликтен маалымдалгандай, китепканачылардын маянасын көбөйтүү маселеси Өкмөтүн кароосуна коюлуп, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Маданият кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары, анын ичинде китепкана кызматкерлеринин кызматтык маяналары КР Өкмөтүнүн «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому менен аныкталат”,- делет маалыматта.

Китепканачылардын орточо маянасы – 4 миң сомду түзөт. Улуттук китепканалар республикалык бюджеттен, калган китепканалар жергиликтүү бюджеттен каржыланат

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген