Маанилүү маек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кандай иштейт?

Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы шаарларда — мэриялар, айыл аймактарда — айыл өкмөттөр болуп саналат.

Мэр — шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси.

Мэр жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы (акими) тарабынан дайындалат.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери тиешелүү түрдө жергиликтүү кеңештин макулдугу жана Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалат.

Мэр мэриянын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, ушул иштин натыйжаларына жооп берет;

Айыл өкмөттүн башчысы — жергиликтүү айыл аймактын жетекчиси.

Айыл өкмөттүн башчысы жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким) тарабынан дайындалат.

Жергиликтүү кеңештин макулдугун алуу үчүн бир талапкер киргизилет. Анын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңеш киргизилген талапкерге макулдук берет же аны четке кагат.

Эгерде көрсөтүлгөн мезгилде талапкер каралбаган учурда, макулдук берилди деп эсептелет.

Айыл өкмөтү айыл өкмөттүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооптуу болот;

Ал эми айыл башчысы — айыл өкмөттүн айылдагы ыйгарым укуктуу башчысы;

Жергиликтүү мамлекеттик администрация болсо, ошол эле шаар менен райондун аткаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу орган;

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияны аким башкарат;

Жаңы мыйзамга ылайык, район жетекчилерин президент дайындап, өзү кызматтан бошотот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.