Маанилүү маек: Жаңы Жогорку Кеңеш кандай болот?

“Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Бул жолку чыгарылышыбызда жаңы Жогорку Кеңеш тууралуу кенен баяндама кылабыз.

Президент Садыр Жапаров 29-августта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Ошентип үстүбүздөгү жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленди.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Парламенттеги 54 депутат пропорционалдык системада – бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат. Шайлоочулар партиянын тизмесиндеги талапкер үчүн дагы добуш бере алат.

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 75 партия билдирме жиберди.

Алар:

«Социал-демократтар»;

«Улуттар биримдиги»;

«Ишеним”;

«Альянс»;

“Кыргызстандын жашылдар партиясы”;

“Жаратман Эл”;

«Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»;

«Ата Мекен»;

«Ыйман Нуру»;

«Эл үмүтү социалдык саясий партия»;

“Актив”;

“Бийлик элге”;

”Акыйкат Кыргызстан”;

«Ар-Намыс»;

«Кыргызстандын саясий кучторунун альянсы»;

«Күч биримдикте» социалдык-саясий партиясы»;

«Азаттык» демократиялык партия»;

«Ынтымак»;

«Аалам»;

«Тилектештик”;

«Социалист”;

«Ак Асаба”;

«Ак Бата”;

«Адилет”;

«Ата-Журт Кыргызстан”;

«Мекенчил Эл”;

“Бирге-Вместе”;

“Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”;

“Менин Мекеним”;

“Келечек-Будущее»;

”Элдик Партия”;

“Биздин Эл”;

“Жаңы ЭРА”;

 «Күчтүү регион”;

 «Жаңы Мезгил”;

, “Бүтүн Кыргызстан”;

 “Кыргызстандын элдик-демократиялык партия”;

«Асыл-Мурас Жаштар”;

 «Кыргызстан либерал –демократиялык партия”;

«Чоң казат»;

«Улутман»;

«Эмгек”;

«Аманат»;

«Ордо”;

«Асаба” элдик кайра жаралуу”;

«Либералдык-прогрессивдүү”;

«Айкөл Кыргызстан”;

 «Кыргызстан элдеринин конгресси”;

 «Элдик кыймыл партиясы”;

«Нур»;

«Элдик көзөмөл”;

«Тынчтык»;

“Эгемен Кыргызстан”;

» Легалайз”;

«Адам укугу”;

«Мурас»;

«Чындык»;

«Реформа»;

«Ак Ниет»;

«Ак Санат»

«Замандаш»;

«Жаңы мезгил»;

«Күчтүү регион»;

«Аруузат-Эл куту»;

«Жашасын Кыргызстан»;

«Баба Дыйкан»;

«Ак-Шам»;

«Ашар-Алтан»;

«Эркин Кыргызстан»;

Эне-Жүрөгү-Мекен»;

«Кыргызстан элдеринин шериктештиги»;

«Кыргызстан»;

«Кыргызстандын дыйкандар (фермер) партиясы»;

«Улуу Журт»;

«Туран».

2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин 42 саясий партия билдирген эле.

Шайлоого катышчу партияларды кабыл алуу 3-сентябрда аяктады.

Бир мандаттуу округдардан талапкер болчу жарандар 14-октябрга чейин арыз тапшырышы зарыл.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.