Маанилүү маек: Жаңы парламенттин укуктары

Кыргызстанда Жогорку Кеңеш депутаттарынын ишин жөнгө салган жаңы мыйзам долбоорлору коомдук талкууда турат. Анда парламенттин айрым ыйгарым укуктары өзгөргөн.

  • Жаңы долбоорго ылайык, парламенттеги 120 депутат 90го кыскарат.

  • Алардын 55и партиялык тизме менен, 35и бир мандаттуу округдан шайланат.

  • Бир мандаттуу шайланып келгендер депутаттык топторго бириге алат.

  • Ал эми фракция өзүнүн курамына башка партиялардан өткөн депутаттарды кошууга укуксуз.

  • Бирок бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган депутаттарды кошо алат.

Депутаттык топтор бул – бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган жана фракцияларга кирбеген Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирикмеси.

  • Депутаттык топтор өзүнүн курамына башка партиялардан өткөн депутаттарды кошууга укуксуз.

  • Бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаттары 10 депутаттан кем болбогон сандагы  депутаттык топторду түзүүгѳ укуктуу.

Жаңы парламенттин 38 тизмеден турган ыйгарым укуктары бар. Алардын айрымдарын тизмектейбиз:

  • Президенттик шайлоону дайындоо;

  • Президентке референдум өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүү;

  • Мыйзамдарды кабыл алуу;

  • Президенттин каршы пикирлери менен кайтарылган мыйзамдарды кайра кароо;

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечүү;

  • Республикалык бюджетти бекитүү жана анын аткарылышы жөнүндө Министрлер кабинетинин ар жылдык отчётун угуу;

  • Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү;

  • Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аны кызмат ордунан бошотуу;

  • Конституцияда каралган тартипте президентке каршы айып коюу жана кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

  • Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алуу.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.