Маанилүү маек: талапкерлерди сынаган кайра шайлоо

“Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Бул жолку чыгарылышыбызда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоо тууралуу сөз кылабыз.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, шайлоо болбой калса, жараян жараксыз деп табылса жана жыйынтыгында тизмедеги бир да талапкер добуш албай калган учурда кайталап шайлоо дайындалат.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз иш аракеттерге негиз болгон талапкерлер кийинки шайлоо жараянына катышууга мүмкүн эмес.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайрадан шайлоо президент тарабынан бир айдын ичинде бекитилет.

Ушул жылдын 11-апрелинде Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоолор административдик ресурс, добуш сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулар менен коштолгонудугу үчүн жокко чыгарылган.

Натыйжада президент Садыр Жапаров шайлоону кайра дайындоо жөнүндө жарлыгына 27-майда кол койду.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо 11-июль күнү өткөрүлдү. Бул күнү 26 саясий партия ат салышып, шайлоочулардын тизмесинин жалпы саны  617 миң 517 деп бекитилген.

Алардын ичинен:

  • Бишкек шаары боюнча – 104 миң 684 киши добуш берүүгө катышып, шайлоочулардын жалпы санынын 24,53 пайызын түздү.

  • Ош шаары боюнча –  65 миң 652 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 42,99 пайызы катышты.

  • Ал эми Токмок шаары боюнча – 16 миң 973  шайлоочу добуш берди. Бул көрсөткүч шайлоочулардын 44,55 пайызын түзөт.

Экинчи ирет өткөрүлгөн добуш берүү өнөктүгү да мыйзам бузуулар менен коштолуп, ички иштер министрлигине жалпысынан 67 маалымат келип түшкөн.

Булардын жарымы аймактык шайлоо комиссияларына жиберилип, аныкталган мыйзамга каршы аракеттер боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

БШК кайра шайлоого катышкан партиялар шайлоо өнөктүгүнө 44 миллион сомдон ашуун каражат коротконун эсептеп чыкты:

  • Бишкекте 34 миллион 342 миң сом;

  • Ошто 7 миллион 770 миң сом;

  • Токмокто 2 миллион 140 миң сом жумшалды.

БШК кайра шайлоо жыйынтыктарын расмий жарыялагандан соң шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.

Тактап айтканда, жергиликтүү кеңештерге дайындалган жаңы курам жумушун баштаганга уруксат берилет.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.