Маанилүү маек: шаардык кеңештин депутаттарынын милдеттери

“Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Бул жолку чыгарылышыбызда Ош шаардык кеңешине шайланып келген депутаттардын ишмердүүлүгү, укуктары жана милдеттери тууралуу айтып беребиз.

2021-жылдын 11-июлунда өткөн Ош шаарындагы кайра шайлоодо төрт партия жеңишке жетти.

Аларга бөлүштүрүлгөн мандаттардын саны:

  • “Ата-Журт Кыргызстан” – 19;

  • “Биздин Кыргызстан” – 15;

  • “Улуттар Биримдиги” – 7;

  • “Бир Бол” – 4 мандат ала турган болду.

Жергиликтүү кеңештердин  депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамга ылайык, депутаттар төрт жылдык мөөнөткө эл тарабынан добуш берүү аркылуу шайланат.

Алардын ыйгарым укуктары тийиштүү кеңештин биринчи сессиясы ачылган күндөн тарта башталат жана кийинки шайланган кеңештин биринчи сессиясы ачылган күнү ыйгарым укуктары бүтөт. Депутаттын ыйгарым укуктары аларга берилген депутаттык күбөлүгү жана төш белгиси менен ырасталат.

Белгилей кетсек, бир эле адам бир гана айылдык же шаардык кеңештин депутаты боло алат.

Депутаттык мандатты жеке максаттарда пайдаланууга мыйзам жол бербейт.

Ал эми Ош шаарынын статусу жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөндөй, шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү төрт жыл.

  • Шаардык кеңешинин сандык курамы – 45 депутат.

  • Биринчи сессияда жашы улуу депутат төрагалык кылат.

Негизи Ош шаардык кеңешинин жетекчилиги төрагадан жана орун басарынан турат. Алар сессияда депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен шайланат.

Эрежеге ылайык, төрага жана орун басарынын ишмердүүлүгү туруктуу жана акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат. Алар Кыргызстандын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары башка акы төлөнүүчү кызмат орундарын ээлөөгө укуксуз.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.