Маанилүү маек: Президенттик башкаруу формасы

Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Бул жолку чыгарылышыбызда президенттик башкаруу формасы тууралуу кенен баяндама кылабыз.

Кыргызстан быйыл президенттик башкаруу формасын тандады. Буга чейин парламенттик башкарууда болуп келген.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары кеңейтилгенин жана аны менен кошо эле анын жеке жоопкерчилиги да күчөтүлгөнүн белгилешет.

Кыргызстандын президентинин 11 беренеден турган ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги бар.

Алардын айрымдарын тизмектейбиз:

  • Президент — мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана өлкөнүн аткаруу бийлигин жетектейт.

  • Элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат.

  • Президент министрлер кабинетинин түзүмүн жана курамын аныктайт;

  • Өзүнүн демилгеси же Жогорку Кенештин, Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин мыйзамга ылайык кызматтан бошотот;

  • Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизет;

  • Мыйзамдарга кол коёт жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;

  • Элге, Жогорку Кенешке, Элдик Курултайга өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча жыл сайын кайрылуу жасайт;

  • Жогорку Кенешке жыл сайын өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча маалымат берет;

  • Зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын чакырууга жана каралуучу маселелерди аныктоого укуктуу;

  • Президент арызы боюнча кызматынан кеткен учурда, Конституцияда каралган тартипте кызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

  • Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

  • Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат.

  • Кыргызстанга шериктеш бир топ мамлекеттер президенттик башкаруу формасында жашашат.

Орусия, Кытай өлкөлөрү көп жылдан бери президент тарабынан башкарыласа, Түркия мамлекети президенттик башкаруу формасына 2017-жылы өткөн.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.