Маанилүү маек: Министрлер кабинети тууралуу түшүндүрмө

Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Жаңы баш мыйзамга ылайык Кыргызстанда Өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети ишке кирди. Алар 6-майда алгачкы кеңешмеге чогулушту.

Министрлер кабинетинин түзүмүн жана мүчөлөрүн президент өзү аныктап, өзү дайындаган.

Өкмөттүн түзүмүндө жана кадрдык курамында олуттуу өзгөрүү болгон жок. Эки министрлик, бир комитет, үч агенттик, бир кызмат жаңы түзүлдү.

Министрлер кабинети өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.

Ал президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн чегинде иштейт.

Министрлер кабинетинин төрагасы болуп премьер-министр болуп иштеп келген Улукбек Марипов дайындалды.

Министрлер түздөн-түз Министрлер кабинетинин төрагасына баш ийишет.

Аткаруу бийлигинин курамы төмөнкүдөй:

Министрлер кабинетинин төрагасы;

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри;

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри

Коргоо министри;

Тышкы иштер министри;

Юстиция министри;

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;

Билим берүү жана илим министри;

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Өзгөчө кырдаалдар министри;

Ички иштер министри;

Транспорт жана коммуникациялар министри;

Энергетика жана өнөр жай министри;

Айыл, токой жана суу чарба министри;

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри;

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет;

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.