Маанилүү маек: Кыргызстандагы референдумдар таржымалы

“Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алды. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Алгачкы чыгарылышыбызда конституциялык референдум тууралуу кенен маалымат беребиз.

Референдум деген эмне?

Референдум – конституцияны, мыйзам чыгарууну, мамлекеттин ички-тышкы саясаты жаатындагы чечимдерди жана ченемдик укуктук актыларды жалпы элдик добуш берүү аркылуу аныктоо болуп саналат. Юристтердин айтымында, референдум – демократиянын түздөн-түз институту.

Референдум кандай учурда өткөрүлөт?

Референдум – мамлекеттик маанилүү нерселерди чечүүдө жана мыйзамдарды өзгөртүү учурунда өткөрүлөт. Тагыраагы, мамлекеттик маселелерди чечүүдө, аймактык кеңешке депутаттарды шайлоо сыяктуу эле жарандардын добушу негизги ролду ойнойт.

Референдумга кимдер катыша алат?

Референдумга 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын бардык жарандары катышууга укуктуу.

Өлкөдөгү референдумдар таржымалы

Кыргызстан эгемендүү мамлекет аталган 29 жылда 12 жолу элдик референдум өткөрүлдү. Алгачкысы 1994-жылдын 30-январына туура келет. Мында туңгуч президент Аскар Акаевдин президенттик укуктары ырасталган. Ошол эле жылдын 30-январында баш мыйзам өзгөртүүгө дуушар болуп, легендарлуу парламент (жогорку кеңеш) тарап, эки палаталуу парламент түзүлгөн.

Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, референдум өткөрүү боюнча коңшу мамлекеттер арасында Кыргызстан эң алдыда. Маселен, Аскар Акаев президент болуп турган жылдары беш жолу элдик добуш берүү өткөн. Ал эми Курманбек Бакиев бийликте турган жылдары үч жолу референдум болгон. Роза Отунбаева өлкөнү убактылуу башкарып турган кезинде бир жолу Алмазбек Атамбаев президент болгон учурда да бир жолу элдик референдум уюштурулган. Быйылкы 2021-жылы эки ирет жалпы элдик добуш берүү өткөрүлдү.

Кандай учурда референдум өттү деп эсептелет?

Шайлоочулардын 30 пайыздан көбү добуш берүүгө катышкан учурда Борбордук шайлоо комиссиясы референдум өттү деп тааныйт. Анын ичинде референдум катышуучуларынын жарымынан көбү коюлган маселе үчүн добуш беришсе, чечим референдумда кабыл алынган деп эсептелет.

Кыргызстандын тарыхында демилгеленген бардык референдумдар ийгиликтүү өткөрүлгөн. Ушул жылдын 10-январында 81 пайыз добуш берүү менен Кыргызстан президенттик башкаруу формасына өтүп, 11-апрелде баш мыйзамдын жаңы долбоору кабыл алынды.

Берүүнүн видео версиясы бул жакта

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.