Маанилүү маек: Кыргызстанда жол кырсыгы эмнеге көбөйүүдө?

Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Кыргызстанда 2019-жылы 6 663 жол кырсыгы катталып, 760 адам көз жумган. Алардын 91и жаш балдар.

  • Ал эми 2020-жылы 8 пайызга азайып, 6 126 унаа кырсыгы катталды.

  • Бул жылы жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун саны 0,7%га, жаракат алгандардын саны 10,5%га азайган.

  • Статистикалык маалыматка ылайык, 2020-жылдагы жол кырсыктарынын 88,3%ы айдоочулардын күнөөсү менен болгон.

  • Маселен, ылдамдыкты одоно ашыргандыгы, жол тилкесинде туура эмес маневр жасагандыгы, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткендиги жана транспорт каражаттарын мас абалында айдагандыгы себеп.

  • 2021- жылдын 7 айында 3 982 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36,5 пайызга өстү.

  • Быйылкы орун алган кырсыктар 394 адамдын өмүрүн алды, өткөн жылы 324 адам көз жумган эле.

  • Бул жол кырсыктарынан болгон өлүмдөрдүн саны 21,6 пайызга өстү дегенди билдирет.

  • Жабыркагандардын саны өткөн жылы 4 309 болсо, быйыл жети айда 5 954 адамга жетти. Бул көрсөткүч 38,1 пайызга өскөн.

  • Кыргызстанда 2010-2011-жылдарга салыштырмалуу транспорттун саны 3 эсеге көбөйгөн.

  • Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарынын айынан 1,5 миллионго чукул адам каза табат.

  • Унаалардын кагылышуулары адам өлүмүнүн себептери боюнча 8-орунда турат.

  • Ал эми 1 жаштан 29 жашка чейинкилердин арасындагы өлүм себептери боюнча 1-орунда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.