Маанилүү маек: Кыргызстанда сөз эркиндиги барбы?

“Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Бул жолку чыгарылышыбызда Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу кенен баяндама кылабыз.

Сөз эркиндиги – адамдын негизги жеке укуктары менен жарандардын саясий укуктарынын бири, маалымат эркиндигинин курамдык бөлүгү.

Ал өз пикирин (оюн) ачык айтуу мүмкүнчүлүгү, башкача айтканда оозеки, жазуу жүзүндө, жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен дегенди билдирет.

Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун жылдык глобалдык рейтингинде Кыргызстан 2021-жылдагы басма сөз эркиндигинин абалы боюнча 180 өлкөнүн ичинен үч баскычка алдыга жылды. Тактап айтканда 79-сапка чыкты.

2020-жылдагы басма сөз эркиндигинин абалы боюнча 82-орунда турган. Ал эми 2019-жылы 83-орунда, 2018-жылы 98-катарда болгон.

  • Кыргызстан маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө мыйзамды 1997-жылдын 5-декабрында кабыл алган. Андан кийин 2002-2006-2016- 2017-жылдары редакцияланган.

  • Ал эми кечээ, 28-июлдагы парламент жыйынында бир ай мурда өтпөй калган “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлуп, колдоо тапты. Анда 97 депутат макул, бешөө каршы добуш беришти.

Белгилей кетсек, 30-июндагы жыйында аталган мыйзам долбооруна добуш берилип, алгач 64 депутат макул, 32 эл өкүлү каршы болгон.

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган.

Демилгечилердин айтымында, жаңы мыйзамда фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.

Жыл сайын 3-майда дүйнө жүзү салттуу түрдө дүйнөлүк басма сөз эркиндигин белгилеп келет.

Бул күндүн максаты – ар бир өлкөдөгү сөз эркиндигине, массалык маалымат каражаттарынын эркиндигинин маанилүүлүгүнө көңүл буруу.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.