Маанилүү маек: Курултайдын күңгөйү менен тескейи

“Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Бул жолку чыгарылышыбызда курултай тууралуу кенен баяндама кылабыз.

Курултай – жалпы элдик чогулуш деген маанини түшүндүрөт.

  • Тарыхка кайрыла турган болсок, элдик курултайлар бийликтин орчундуу чечимдерин кабыл алуучу бутак болгон.

  • Курултайларда кыргыз элинин келечегин аныктаган чечимдерди кабыл алынып келген.

  • Эзелтен коомдун негизги маселелери боюнча чечимдер талкууланып жана кабыл алынып турган форма бул – аксакалдар кеңеши, элдик жыйындар жана курултайлар.

  • Курултайга ар бир аймактан мүчө болгон делегаттар катышат. Алар жүйөлүү маселени ортого салып, талкуулап, аягында бирдиктүү чечим кабыл алынат.

  • 2016-жылдын октябрь айында өткөн “Өлкөнүн бүгүнкүсү жана эртеңкиси: Конституция жана референдум” аттуу курултайга 600дөн ашуун адам катышкан.

  • Ал эми 2017-жылы 8-апрелде өздөрүн Улуттук мекенчил күчтөр деп атаган бирикменин уюмдашуу жыйыны өткөн.

  • Ага он чакты партиянын, кыркка чукул коомдук бирикменин өкүлдөрү, коомдук-саясий ишмерлер, жарандык активисттер катышкан.

Жаңы мыйзам долбоорунун 7-беренесине ылайык, эми элдик курултайга өзгөчө макам берилди. Анда каралган коомдук маанилүү маселелерди мамлекеттик органдар карап чыгышы зарыл.

Өлкөнүн ички жана тышкы саясаты боюнча сунуштар президентке чейин жиберилет. Ошондой эле, алардын аткарылуусу боюнча отчеттерду угуу укугу берилди.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.