Маанилүү маек: Курултай деген эмне?

“Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Бул жолку чыгарылышыбызда курултай тууралуу кенен баяндама кылабыз.

Курултай – жалпы элдик чогулуш деген маанини түшүндүрөт.

  • Курултайда укуктук, шайлоо, аймактарга тиешелүү жана башка маанилүү маселелер чечилет.

  • Кыргызстанда жалпы элдик чогулуш 1992-жылы «Дүйнө кыргыздарынын биринчи курултайы» деген ат менен башталган.

  • Курултайда укуктук, шайлоо, аймактарга тиешелүү жана башка маанилүү маселелер чечилет.

  • Кыргызстанда жалпы элдик чогулуш 1992-жылы «Дүйнө кыргыздарынын биринчи курултайы» деген ат менен башталган.

  • Эки жылдан соң 1994-жылдын 22-январында Кыргызстан элдеринин биринчи курултайы, 1996-жылы экинчи курултайы өткөрүлгөн.

  • Ал эми эң олуттуусу жана 2010-жылдагы төңкөрүшкө таасири бар деп ошол жылдын март айында өткөрүлгөн курултай айтылып келет. Ошол эле жылы Жогорку Кеңеште мамлекетти Элдик курултай менен башкаруу сунушу көтөрүлгөн.

  • Бирок, 2012-жылы анын макамы, укуктары жана өткөрүү тартиби каралган мыйзам долбоору экинчи окууда өтпөй калган. Андыктан министрликтер, мамлекеттик башкаруу органдары коомдук уюмдар өткөргөн курултайлардын чечимдерин сунуш иретинде гана карап келишкен.

  • Жаңы мыйзам долбоорунун 7-беренесине ылайык эми элдик курултайга өзгөчө макам берилди. Курултайда каралган коомдук маанилүү маселелерди мамлекеттик органдар карап чыгышы зарыл.

  • Өлкөнүн ички жана тышкы саясаты боюнча сунуштар президентке чейин жиберилет. Ошондой эле алардын аткарылуусу боюнча отчеттерду угуу укугу берилди.

  • Башка мамлекеттер боюнча алганда Алтай, Башкортостан, Тыва, Бурятия, Монголия, Калмык республикалары өздөрүнүн парламентин Курултай деп аташат.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.