Маанилүү маек: Электрди үнөмдөө саясатына түшүндүрмө

Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан соң алгачкы жолу тарифтерге болгон баанын көтөрүлүүсү 2000-жылга барып такалат.

  • Бул жылы 90 киловатт-саатка чейин электр энергиясын колдонгондор 21 тыйын, 90 киловаттан 150 киловатт-саатка чейин – 27 тыйын, 400 киловатт-сааттан жогору – 68 тыйындан төлөшкөн.

  • 2002-жылы баалар кайрадан көтөрүлүп ,150 киловатт-саатка чейинки керектөөгө 43 тыйындан төлөм бекитилип, 2006-жылы 62 тыйынга жеткен.

  • Ал эми 2008-жылы тариф бир киловатт саатына 70 тыйынга чейин көтөрүлгөн.

  • 2015-жылы 700 киловатт-саатка чейин электр энергиясын колдонуу үчүн 77 тыйын, 700 киловаттан ашканына 2 сом 16 тыйындан акы төлөнгөн.

  • Андан кийин 2017-жылга карата дагы төлөмдүн суммасын жогорулатуу долбоору иштелип чыккан болчу. Бирок, ишке ашкан эмес.

  • Эми октябрь айынан тарта жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясат ишке киргени турат.

  • Мында калк үчүн бир киловатт-саат электр энергиясынын баасы 0,77 сом бойдон калат. Эгерде 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет.

  • Ал эми мекеме-ишканаларга жаңы тариф бекитилди.

  • Балдар интернаттары, карылар жана майыптар үйлөрү, диний мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 1,68 сомдон , башка мекемелер 2,52 сомдон төлөшү керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.