Маанилүү маек: Билим берүүнү сынаган коронавирус

Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери, менчигине жана макамына карабай 15-сентябрдан тарта кадимки режимде ишин баштады.

Мындай чечим кызматкерлердин көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүктөн кабыл алынган.

Бүгүнкү күнгө карата мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлеринин 70% ашыгы вакцина алды. Эмдөө дале болсо улантылып жатат.

Учурда билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде 152 миң 827 кызматкер эмгектенет.

Өлкөдө 65 жогорку окуу жайы бар, студенттердин саны 169 миң. Колледждердин саны 148 болсо, аларда 91 миң студент билим алат

Ал эми мектептердин саны 2 200 болсо, окуучулардын саны бир миллиондон ашуун.

Пандемиядан кийин көпчүлүк ата-энелер каржылык жактан кыйналып тургандыктан, окуучулардан милдетүү мектеп формасын кийип келүү талап кылынбайт.

Эпидемиологдор мектепте балдардын бет кап тагынуусу керек деген сунуштамасын айтышкан.

Мектептерде тазалыкты сакталып, класстык бөлмөлөр улам жууп-тазаланып, желдетилип туруусу керек.

Бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайынын студенти болобу үйдө өзүн жаман сезсе, билим берүү мекемесине барбоосу керек.

Ал эми билим берүү мекемелеринде сөзсүз түрдө “кирүү филтри” болуусу абзел. Учурда бул багытта бардык мекемелерде иштер жүрүүдө.

Эгерде окуучу өзүн жаман сезсе, мугалими аны журналга белгилеп, ата-энесине же дарыгерге телефон чалат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.