Үмүт бере турган эч ким жок, эртең эмне болуп кетет деп коркуп жатабыз…

Акыркы учурда аты дүйнө жүзүнө желдей тарап, уккан адамдын үрөйүн учурган коронавирус инфекциясы тууралуу билбеген жан калбагансыйт. Оору тууралуу эки адамдын башы бириккен жерде, соцтармактарда байма- бай талкууланып жатат.

Аталган инфекциянын “мекени” болгон Кытайдын өзүндө абал кандай, бул вирус менен жабыркагандар кантип күн кечирип жатышат. Мындай суроолорго Кытайдын Ухань шаарында коронавирус менен күрөшүп жаткан 33 жаштагы Вандын жашоосу жооп берет.

Ван- үй кожейкеси, ал үй бүлөсү менен оорунун ордосу Ухань шаарында жашайт. 20 миңден ашык адамга жугуп, дүйнөгө тамырын жайган, 500 гө жакын кишинин өмүрүн алган коронавирус инфекциясы Вандын жакындарын да аяган жок.

Ван менен байланышкан журналисттерге ал үй- бүлөсү менен жүрөк ооруткан абалда жашап жаткандыгын, тирүү калыш үчүн жан үрөп, күрөшүп жаткандыгын айткан:

“Бул дарт эң алгач атамдын агасын алып тынды, азыр болсо атам өлүм алдында жатат. Ал эми эжем менен апаман дагы оорунун белгилери байкалууда. Дарыгерлерге текшерилип, экөөнүн тең өпкөлөрүнөн анык белгилерди байкадык. Ал эми бир тууган агам жөтөлүп, убакыт өткөн сайын дем алуусу оорлоп бара жатат. Атамдын дене табы 39.3 градусту көрсөтүүдө. Аны эч бир оорукана кабыл албай койду, анткени абалы өтө оор болгондуктан, так диагноз коюлган жок.

Азыр бизге эч ким жардам бербей жатат. Ооруканалардан болсо таптакыр эле үмүтүбүздү үздүк. Тилекке каршы биз ишенип барган ооруканада оор абалдагы оорулууларды караганга шарт жок.

Алдыда дагы эмнелер болуп кетээрин билбейм. Биздей болуп жабыркаган үй- бүлөлөр айланабызда толтура, алардын баары биз көрүп жаткан кыйынчылыктарга туш келгендер. Коронавирустун мынчалык кооптуу экендигин, шаар камоодо калаарын мурунтан билгенимде үй бүлөмдү алып башка жакка кетип калмакмын. Учурда бул шаарда үмүт бере турган эч нерсе, эч ким калбады……”

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген