Өмүрзаков өзгөчө абал аймагындагы жарандардын коопсуздугунан кабар алды

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад облусунунн өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаарындагы, Сузак районундагы бардык постторду толугу менен көрүп чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттын басма сөз кызматы кабарлады.

Ал Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары  менен жолугуп, Сузак районундагы  өзгөчө кырдаал киргизилген айылдардагы коопсуздук маселесин талкууулашты.

260 миңден ашуун калкы бар Сузак районунун элинин тиричилиги облустун борбору Жалал-Абад шаары менен тыгыз байланышта. Жалал-Абад шаарына кирүүчү блок-постордон элдин кирип-чыгуу маселеси күндүн талабы экендигин баса белгилеп, бул багытта өзгөчө көнүл буруу менен эл арасында көйгөйлөрдү жаратпоо, элдин ар бир кайрылуусуна жооп берүү, жардам көрсөтүү жана  пайда болгон жагдайларды мыйзам чегинде чечүү талаптары коюлду. Ошондой эле азык-түлүк менен камсыздап жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрүп, мал жайын жайлоого алып кеткен жарандарга  жардам берүү, посттордо үзгүлтүксүз дезинфекция иштерин жүргүзүү керектиги баса белгиленди.

Ошто ИИМдин кызматкерлери коргоочу кийимдер менен камсыздалды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген