

Учурдагы абалдан улам өлкөнүн бюджети 20 млрд сом зыян тартышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмурбекова пресс-конференцияда билдирди.
Алтынай Өмүрбекованын айтымында, өлкөдө импорттоо, экспорттоо иштери, оор жүк ташуулар токтосо, анда жогорудагыдай көрсөткүч жүз берет.
“Бүгүнкү күндө өлкөбүз экономиканын катаал шартына өтүп жатат. Бюджеттин чыгымдары максималдуу түрдө кыскарат. Зарыл болбогон чыгымдардын баары кыскарат”,-деди вице-премьер-министр.
Бүгүндөн тарта чет жерден келген жарандар эки категориянын негизинде карантинге алынат
- 17.03.2020