Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келет. Видео

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келет. Бул маалыматты “Азаттыкка” “Республика- Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров тастыктады.

Анын айтымында, аталган фракциясынын үч депутаты – Руслан Казакбаев, Мирлан Жеенчороев жана Кенжебек Бокоев Орусияга барып, Бабанов менен жолугуп келишкен.

Сабиров Бабанов бир айдын ичинде келип калышы мүмкүн экенин айтты.

«Өткөндө анын эч кандай күнөөсү жок экенин, саясий куугунтук болгонун ачык эле айтышпадыбы. Ошон үчүн «келем» деп жатат. Биз эми келерин күтөбүз», – деди Сабиров.

Буга чейин Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, утулган.

Мындан кийин ал депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.Көп өтпөй Бабановго Башкы прокуратура иш козгогон эле.

21-мартта Бабанов “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, “жакында көрүшкөнчө” деп жазган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген